Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Өткөн суткада өлкөдө 17 дарыгер коронавируска кабылып, 45 медик айыкты

07.08.2020 11:25
1046
Өткөн суткада өлкөдө 17 дарыгер коронавируска кабылып, 45 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 7-августтагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


- Ош шаарында – 5

- Жалал-Абад облусунда – 2

- Ош облусунда – 4

- Баткен облусунда – 3

- Ысык-Көл облусунда – 3


Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 45 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2928 учур катталды, алардын ичинен 2025 медкызматкер айыкты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн