Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 13:11
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өткөн суткада 20 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 36 медик айыкты

05.08.2020 11:23
1130
Өткөн суткада 20 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 36 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


- Бишкек шаарында – 2

- Ош шаарында – 4

- Жалал-Абад облусунда – 7

- Ош облусунда – 5

- Баткен облусунда – 2


Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 36 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2874 учур катталды, алардын ичинен 1934 медкызматкер айыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн