Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

"Женгонун" эл аралык баңгизат каналына катыштыгы бар балдары кармалды

24.05.2022 13:32
491
"Женгонун" эл аралык баңгизат каналына катыштыгы бар балдары кармалды



      УКМК тарабынан бангизат каналын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсу эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.


     2022-жылдын 21-майында К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү: А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багытында эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 


     Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган.


     2022-жылдын 21-майында КР УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен «гашиш») табылган. 


      Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн