"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмүн 1-августтан тарта 25 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, коомдук талкууга койду.
Аталган жөлөк пул 16 жашка чейинки балдары бар жана айлык кирешеси кепилденген минималдык кирешеден төмөн үй-бүлөлөргө берилет. Учурда анын өлчөмү 1200 сомду түзөт (айрым аймактарда жергиликтүү коэффициенттерге жараша жогору болушу мүмкүн).
Жаңы сунушка ылайык, 1-августтан тарта жөлөк пулдун өлчөмү 1500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 2000 сомго чейин, башкача айтканда, 100 пайызга көбөйтүлөт.
Эмгек министрлиги билдиргендей, жөлөк пулдун өлчөмү акыркы жолу 2022-жылы 810 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 2019-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес.
2025-жылдын 1-июнуна карата "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу 55 миң 13 үй-бүлөдөгү 196 миң 151 балага берилип жатат. Жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин дагы 18 миң 600дөн ашык бала кошулары күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн