Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

"Унаа" мекемеси жараксыз номерлерди сатыкка койду

12.05.2023 09:36
720
"Унаа" мекемеси жараксыз номерлерди сатыкка койду


"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлерин металл катары сатыкка койду.

Түстүү металлдардын (лом алюминий) салмагы 56,9 тоннаны түзөт. Аукцион 20-июнда өтүп, бирдиктүү пакет менен сатылат. Бөлүштүрүү мүмкүн эмес.

Аукционго катышуу үчүн табыштамалар 12-июнга чейин Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсү, 2а дарегиндеги "Унаа" мекемесинде (№5 кабинет) кабыл алынат. Иштөө убактысы саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

Бир килограмм металлдын баштапкы баасы 100 сом деп белгиленди. Сатуудан түшкөн каражаттын баары мамлекеттик бюджетке которулат. Былтыр да ушундай аукцион өтүп 74,6 тонна алюминий 7 миллион 412,3 миң сомго сатылган.

Колдонуудан чыгарылган мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу максатында алар утилизацияланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн