Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

"Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

08.04.2025 11:14
128
"Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Ушул мыйзам “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КР мыйзамын КР кылмыш-жаза жана жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.


Мыйзамда “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгү мазмундагы пункттар менен толуктоо каралган:


– террористтик ишти каржылоо;

– көпчүлүк алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырууларды жасоо;

–  уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо;

–  курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;

–  диверсия. 


Ошентип, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр менен “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КР мыйзамы кылмыштардын жаңы түрлөрү менен толукталууда, атап айтканда: террористтик ишти каржылоо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды жасоо, уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, ошондой эле диверсия. Бул кылмыштар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253, 255, 263, 267 жана 325-беренелеринде каралган жана алар жасалган учурда мунапыс колдонулбайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн