Кулжа 13, 2025
Убакыт: 17:11
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

ТүркПАнын кийинки пленардык отуруму Кыргызстанда өтөт

12.06.2025 17:07
41
ТүркПАнын кийинки пленардык отуруму Кыргызстанда өтөт


Бүгүн Казакстандын баш калаасы Астанада өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги отурумдары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.


Иш-чаралардан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент төрагалары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, отурумдарда каралган маселелер тууралуу учкай маалымат беришти.


Төрага Нурланбек Тургунбек уулу "TURKTIME: парламенттик дипломатиянын ролу" деген ураан алдында өткөн жыйындын маанилүүлүгүн белгилеп, түрк мамлекеттери заман чакырыктарына ылайык, келечекке биргеликте кадам шилтеши керектигин кошумчалады.

“Кыргызстан ар дайым боордош түрк мамлекеттери менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Бүгүнкү жыйын дагы бир жолу көрсөткөндөй, парламенттер ортосундагы диалог бул тектеш калктардын ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунун жана саясий жакындашуунун негизги аянтчасы болуп эсептелет”, - деген төрага каралган маселелерге учкай токтолду. 


Тагыраагы Нурланбек Тургунбек уулу боордош мамлекеттердин парламент төрагалары менен бирге аймактык жана глобалдык коопсуздук, миграция жана жаштар саясаты, климаттын өзгөрүшү жана жашыл күн тартиби өндүү маселелер боюнча пикир алышканын сөз кылды.


Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин төрагасы ТүркПАнын кийинки, 2026-жылдагы жыйындарын Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынганын маалымдады. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн