Менчиктештирилип кеткен "Ысык-Ата асыл тукум тоок заводу" мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1980-жылы түзүлгөн "Ысык-Ата асыл тукум тоок заводу" мамлекеттик ишканасы 2002-жылы "Алтын-Канат" ААКка өзгөртүлгөн. 2007-жылы акционерлердин үлүшүнө өтүп кеткен мекеме 2025-жылдын 17-мартында кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылып, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына алынды.
Аталган ишкана Советтер союзунун мезгилинде тоок эти, жумуртка менен республиканы толук камсыз кылып, мындан тышкары, тоок жүнүн жана башка тиешелүү продукцияларды өндүргөн ири ата мекендик тоок заводу болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган чарбага барып, учурдагы абалы менен жеринен таанышып, мамлекеттик мекеменин кайра жандандырууга бир катар маселелерди талкуулап, тиешелүү жетекчилерге тийиштүү протоколдук тапшырмаларды берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн