Баш оона 01, 2025
Убакыт: 06:59
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

"Ала-Тоо" аянтында митингчилерге ок атууга ким буйрук берген? Курсан Асановдун жообу

08.10.2020 11:07
1471
"Ала-Тоо" аянтында митингчилерге ок атууга ким буйрук берген? Курсан Асановдун жообу


5-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыкта жабыркап, ооруканада каза болгон 19 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүлөт.  Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Курсан Асанов 8-октябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, митингде жабыркаган жарандардын арасында ИИМдин кызматкерлери көп. 


"Мен каза болгон жигиттин жакындарына көңүл айтам. "Ала-Тоо" аянтында жабыркаган адамдар менен жолугуп келдим. Көбү башынан, бутунан ок жептир. Арасында ИИМдин дагы кызматкерлери бар", - деди ал. 


"Жарандарга ок атууга ким буйрук берген?" деген суроого Курсан Асанов: "Буйрукту министр берет да. Балким ал бул ишти орун басарларына жүктөп коюшу мүмкүн", - деп жооп берди.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн