Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 15:40
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өмүрбек Текебаев Роза Отунбаевага көңүл айтты

29.06.2020 10:25
1340
Өмүрбек Текебаев Роза Отунбаевага көңүл айтты


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев экс-президент Роза Отунбаеванын апасы Салика Даниярованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

 

Ал өзүнүн социалдык баракчасынан билдиргендей, Салика Даниярова өмүрүнүн 40 жылын мугалимдик кесипке арнаган.

 

"Ата Мекен" партиясынын жана өзүмдүн үй-бүлөмдүн атынан Роза Исаковнага апасынын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу ага жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөм. Салика апанын ыйманы саламат, арты кайырлуу болсун!”, - деп жазды Өмүрбек Текебаев.

 

Белгилей кетсек, Салика Даниярова кечээ, 28-июнда 95 жаш курагында дүйнө cалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн