Кулжа 14, 2025
Убакыт: 07:10
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Өлкө аймагында жаңы "Кордон" радары сыноо режиминде ишке кирди

13.06.2025 10:14
33
Өлкө аймагында жаңы "Кордон" радары сыноо режиминде ишке кирди


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында тесттик режимде «Кордон» аталышындагы радарды ишке киргизди.


Ведомствонун маалыматына ылайык, бул радар күндүзү гана эмес, түнү да жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды автоматтык түрдө сүрөткө тартып, аныкталган эреже бузууну «Коопсуз шаар» долбоорунун ишмердүүлүгүн камтыган Мониторинг борборуна жөнөтө алат.

Ал төмөнкү жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын аныктайт:


-ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларды;

-карама-каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочуларды;


-жол чийиндерин бузган айдоочуларды;


-издөөдө жүргөн унааларды;


-айып пулдарын төлөбөгөн унааларды;


-каттоосу убактылуу токтотулган жана башка одоно жол эрежелерди бузган унааларды аныктайт.


"Бул радар талдоонун негизинде аныкталган жол кырсыктары көп катталган жолдорго орнотулат",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн