Теке 30, 2025
Убакыт: 09:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду

07.08.2023 11:37
1032
Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду


Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.


Любомир Иванович Гедзаны эскерүү турнири 5-августта Белградда 8 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өттү.


Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, анда жалпысынан 7 спортчу эки топко бөлүнгөн.


Тайпалык баскычта кыргызстандык Венгрия жана Кытайдын спортчуларын экиден жеңип, биринчи орундан жарым финалга чыкты.


Шаршенбеков 1/2 финалдык беттеште Динислам Бамматовду 11:2 эсебинде жеңсе, финалда венгриялык Эрик Торбаны 8:0 эсебинде жеңди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн