Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жол кырсыктары: Депутат автомектептерди текшерүүнү сунуштады

28.07.2021 14:03
824
Жол кырсыктары: Депутат автомектептерди текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков Министрлер кабинетине менчик автомектептердин лицензияларын текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, акыркы күндөрү жолдордо, айрыкча Ысык-Көлгө кетчү трассада жол кырсыктары көп катталууда.


 "Адамдын өмүрүнөн башка эч бир кымбат нерсе жок. Акыркы 20 жылдын ичинде көптөгөн жеке менчик автомектептер ачылды, алар талаптагыдай билим бербейт жана айдоочулук күбөлүк беришет. Министрлер кабинети буга көңүл буруп, алардын лицензиясын текшериши керек", - деди Субанбеков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн