Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:08
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жогорку сот Садыр Жапаровдун эжесине карата чечимди жокко чыгарган

05.02.2021 17:14
1350
Жогорку сот Садыр Жапаровдун эжесине карата чечимди жокко чыгарган

Кыргызстандын Жогорку соту президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда маалымат  жыйында билдирди.


«Жогорку соттун токтому менен Райкүл Жапаровага карата сот чечимдери жокко чыгып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ага жанагыдай суроо-талаптын кереги жок. Кыргызстанга эркин келсе болот», - деди Зулушев.


Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.

Зулушевдин билдирүүсү боюнча Жогорку сот азырынча жооп бере элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн