Кулжа 11, 2025
Убакыт: 03:28
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Жогорку Кеңештин төрагасы иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

10.06.2025 10:25
25
Жогорку Кеңештин төрагасы иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти


Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Казакстанга иш сапары жөнөп менен кетти. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.


Иш сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу кесиптеши - Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен бирге эки өлкөнүн Парламенттер аралык кеңешинин жыйынын өткөрөт.


Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик уюмунун кеңешинин кезектеги отурумуна жана XIV пленардык жыйынына катышат. Ошондой эле төрага бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.


Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Айсулуу Мамашова жана аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн