Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Жалал-Абад облусундагы иш сапары башталды.
Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Чаткал районуна барып, Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүштүк ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Асыл металл рудаларын казып алып, байытуу менен алектенген ишканага жалпы 350 млн доллар инвестиция тартылып, ачылгандан бери 4 жарым тонна алтын өндүрүлгөн. Ал эми быйыл 1,6 тоннадан ашуун алтын өндүрүүнү пландашкан. Учурда 650 киши эмгектенсе, алардын 70%ы жергиликтүү тургундар.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттин өнүгүшүндө ушундай өндүрүштүк жайлардын мааниси чоң экенин белгилеп: “Учурда инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлүп, алардын тоскоолдуксуз иштөөсүнө мамлекет толук кепилдик берүүдө. Башкысы Кыргызстандын кызыкчылыгы жана өлкөнүн мыйзамдары толук сакталышы керек. Бирок, ачылган ишканаларга сөзсүз жергиликтүү тургундар жумушка алынып, алар үчүн атайын окуулар өткөрүлүп, адистердин тажрыйбасын арттыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулушу зарыл”, – деди.
Ошондой эле “Эти Бакыр Терексай” өндүрүштүк ишканасынын жетекчилигин мыйзам талаптарын бекем сактап, заманбап технологияларды колдонуу менен экологияга зыян келбегидей шартта иш алып барууга чакырган Төрага кооптуу көрүнүштөрдүн алдын алуу талабын койду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн