Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 02:02
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жогорку Кеңештин депутаты ичүүчү сууга болгон тарифти көтөрүүнү сунуштады

31.05.2022 16:40
2363
Жогорку Кеңештин депутаты ичүүчү сууга болгон тарифти көтөрүүнү сунуштады


Депутат Дастан Бекешев ичүүчү суунун тарифин көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, ал жакында эле «Бишкексууканал» ишканасына барып, муниципалдык ишканада бир топ көйгөйлөр бар экенин байкаган:


- суу түтүктөрдүн эскириши - 70 пайыз;


- суу жоготуу - 30 пайыз;


- кызматкерлердин аз эмгек акысы;


- заманбап эсептөө приборлорунун жоктугу.


Эл өкүлү абалды оңдоо үчүн ичүүчү суунун тарифин көтөрүү зарыл деп эсептейт. «1 тоннасына 8 сом өтө эле аз», - деп жыйынтыктады Дастан Бекешев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн