Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловдун отставкасы тууралуу маселе көтөрүлдү

16.06.2023 16:48
493
Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловдун отставкасы тууралуу маселе көтөрүлдү


Бүгүн, 16-июнда депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Социалдык блок боюнча кызматына ылайыктуулугу тууралуу маселени көтөрдү.


Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы маданият, маалымат, жаштар жана спорт тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угууда.


Фракция лидери Бакыт Сыдыков жыйынга чакырылганына карабай каржы министри Алмаз Бакетаев менен министрдин орун басары Эдил Байсалов келбей калганын белгиледи.


Эске салсак, буга чейин ушул эле фракция менен «Мекенчил» депутаттык тобу да Эдил Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн