Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 08:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жогорку Кеңеште 5 адамдан коронавирус аныкталды, экөө депутат

22.06.2020 15:46
1314
Жогорку Кеңеште 5 адамдан коронавирус аныкталды, экөө депутат


Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана Аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталды. Бул маалыматты парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу бүгүн, 22-июнда билдирди. 


Анын айтымында, беш депутат ооруду деген маалымат чындыкка дал келбейт. 


"Инфекция жуктурган депутаттар жана Аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалыматы. Алардын айрымдары алыста жашаган туугандарын, ата-энелерин кабатыр кылгысы келбейт. Ооругандардын баардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек", - деп билдирген ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн