Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:26
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жоголуудан менин башка жок аргам

23.01.2021 10:18
1341
Жоголуудан менин башка жок аргам



Көчөт кезден  кездешпедим кечиргин,

Көктөм куштай көөнүн ачпайм кечиңдин.

Көп издээрмин көккө жерге урунуп,

Көздөн качып, көрүнбөдүң эзилдим.


Шамалдай чачыңды сылай албайм,

Шагыңа шак болуп улана албайм,

Шагылдуу жээгиңе жетип барып,

Шарп эткен толкундай кулай албайм.


Жолум сенден адашканы чоң арман,

Жок дебечи мен унутпай коё албайм.

Жолоочум бол кол булгагаган, ооруган,

Жоголуудан башка менин жок аргам.


Жыпара Арыкова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн