Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 16:26
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Жети-Өгүздө көпүрөнү оңдоо учурунда экскаватор сууга кулап, айдоочу каза болду

15.06.2022 09:00
669
Жети-Өгүздө көпүрөнү оңдоо учурунда экскаватор сууга кулап, айдоочу каза болду

14-июнь күнү Жети-Өгүз районундагы жайлоодо көпүрөнү оңдоп жаткан учурда экскаватор сууга кулап айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз курортундагы Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдун 3-көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан учурда карагайдан салынган көпүрө сынып кетип, натыйжада Жол тейлөө ишканасынын кызматкери эксковатор унаасы менен саат 17:00 чамасында Жети-Өгүз суусуна кулап кеткени кабарланган.


 Жерине саат 17:20да Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу АСМ унаасы менен тартылган. Саат 19:39да кошумча Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 19 куткаруучу жана облустук суу чарба башкармалыгынан 1 кран унаасы тартылган. Саат 20:20да жүктөгүчтүн жардамы менен экскаватордун кабинасынан айдоочунун сөөгү чыгарылган. Ал 35 жаштагы ЖТМнын 1977-жылы туулган А.М аттуу кызматкери болгон.


Эскерте кетсек, 13-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Жети-Өгүз айылында Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, 3 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан №4 көпүрөөнү агызып кетүү коркунучу жаралган. Бекемдөө иштерин жүргүзүүгө №35 ЖТИден 1 экскаватор, 1 Хово, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч тартылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн