Кулжа 06, 2025
Убакыт: 07:10
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Жер мунапысын жүргүзүүгө арызды кабыл алуу 1-июлда аяктайт

04.06.2025 10:46
52
Жер мунапысын жүргүзүүгө арызды кабыл алуу 1-июлда аяктайт


Жер мунапысын жүргүзүүгө арызды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, жер мунапысы башталган күндөн тартып республика боюнча 2025-жылдын 30-майына карата мунапыс алууга жарандардан жалпы 170 626 арыз келип түштү. Анын ичинен жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жарандарга жер участогун бекитип берүү жөнүндө 76 482 чечим кабыл алынды.


Жер агенттиги тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик тууралуу 64 599 мамлекеттик акт жана 43 267 техпаспорт берилген. Мунапыс жүргүзүлгөн жерлердин жалпы аянты 10 325 гектарды түзөт.


Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-майында кабыл алынган № 284 токтомунун негизинде, жер мунапысын жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт.


Ошол себептен, жер мунапысы жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция болуп саналгандыктан, бардык кызыктар тараптар берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан, 1-июлга чейин жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияга арыз менен кайрылып, жер участогуна болгон укуктарын мыйзамдаштырып алышса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн