Кулжа 05, 2025
Убакыт: 08:29
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.100
1.135

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө токтом кабыл алынды

03.06.2025 14:15
43
Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө токтом кабыл алынды


Министрлер кабинети жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө токтом кабыл алды.


Документ президенттин “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.


Президенттин бул жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, башка мамлекеттердеги согуштук операциялардын катышуучуларына жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдарга, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйтүлдү. Натыйжада, акчалай компенсациянын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү алган адамдардын категориясына жараша 1500 сомдон 10 000 сомго чейин болот.


Токтомдо жарандардын 23 категориясы үчүн жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү белгиленген. Ошондой эле ай сайын акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Жарандардын категорияларынын тизмесине 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-ооган тилкесинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын коргоону күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлеринин категориясы киргизилген.


Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине 2025-жылдын 1-январынан тартып ушул токтом менен бекитилген Жөлөкпулдардын ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык жөлөкпулдардын ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөп туруу жана токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.


Финансы министрлигине ай сайын берилүүчү акчалай компенсацияларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен керектүү өлчөмдө өз убагында каржылоону камсыз кылуу тапшырылды.


Коргоо министрлигине ай сайын акчалай компенсация алууга укугу бар адамдар тууралуу маалыматтарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине (макулдашуу боюнча) эмгекке жарамсыз жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кошумча социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүн көрсөтүү тапшырылды; акчалай компенсацияларды же турак жай субсидияларын берүү жолу менен, өзгөчө жаратылыш газына жана жылуулук энергиясына төлөөдө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн