Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жасалма доллар жасап, сатууга аракет кылган казак жараны кармалды

26.08.2021 17:24
864
Жасалма доллар жасап, сатууга аракет кылган казак жараны кармалды

2021-жылдын 22-августунда экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк валюталык жасалма акчаларды алып келүү жана таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Манас районунун «Чоң-Капка унаа жолу» өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү жасалма АКШ доллары акча каражаттарын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1996-ж.т. Казакстан Республикасынын жараны «Д.С.Я.» кармалды.


Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас облусунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. 


Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн