Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жарытылыш ресурстары министрлигине жаңы техникалар берилди

31.01.2025 10:05
204
Жарытылыш ресурстары министрлигине жаңы техникалар берилди


Күн мурун жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жаңы техникалары менен таанышты.


Министр алынган техникалар кызматтын ишин жакшыртууга жана экологиялык жагдайды көзөмөлдөөдө таасирдүү роль аткарууга багытталганын жана бул иштер мындан ары да улантылаарын белгиледи.


Андан кийин жетекчи кызматкерлер менен жолугуп, жүргүзүлүп жаткан иштер, түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты.


"Мекенибиздин жаратылышын коргоодо жана көзөмөлдөөдө ар бир кызматкер маанилүү, аларга тиешелүү шарттар түзүлүп берилиши керек", - деди министр.


Аткарылып жаткан иштер экологиялык көзөмөлдү көбүрөөк жана сапаттуу алып баруунун маанилүүлүгүн, министрликтин жана кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн