Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөгө эски унааларды импорттоого чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министр Медер Машиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, ыш көмүр жагуудан (40 пайыз), эски унаалардан (30 пайыз) жана чаңдан (13,5) пайда болот.
"Өлкөдө 1 миллион 674 миң автоунаа катталган. Анын 1 миллион 392 миңи 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланылып келет. Бишкекте болсо 426,9 миң унаа катталса, анын 78 пайызы эскирип, 15 жылдан ашык пайдаланылган. Ал эми шаарга кирген машиналар 750 миңден ашат", — деди Машиев.
Буга байланыштуу мекеме эски унааларды импорттоого жана көмүрдү пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча токтомдорду даярдоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн