Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:02
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жапаров "Газпромдун" төрагасынын орун басары менен 2030-жылга чейинки кызматташтыкты талкуулады

17.04.2023 10:42
428
Жапаров "Газпромдун" төрагасынын орун басары менен 2030-жылга чейинки кызматташтыкты талкуулады

Министрлер  кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Газпром» коомдук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту.


Анда 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газдаштыруу системасын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Мындан тышкары, тараптар газ менен камсыздоо маселелери жөнүндө күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы боюнча пикир алышты.


Акылбек Жапаров «Газпром» тарабынан өлкөдө спортту өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагын колдоого көңүл бурулуп жатканын баалап, бир катар социалдык жана спорттук объектилерди куруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн