Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жапаров «КР Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду

01.02.2021 16:06
712
Жапаров «КР Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу сунушталсын.

Толугу менен Жарлык тууралуу бул жерден таанышууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн