Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жаңы жылдык майрам күндөрү энергетикалык компаниялар кезметтерди күчөтөт

30.12.2021 11:18
1131
Жаңы жылдык майрам күндөрү энергетикалык компаниялар кезметтерди күчөтөт

Кыргызстанда энергетикалык компаниялар жаңы жылдык майрам күндөрү кезметти күчөтөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Улуттук энергохолдинг 2022-жылдагы жаңы жылдык майрам күндөрүнө даярдануу жана аларды өткөрүү учурунда жарык менен ишенимдүү камсыздоо жана жооптуу кызматкерлердин ишин координациялоо максатында буйрук чыгарды. Ага ылайык туунду коомдор майрамдык иш-чаралар өткөрүлө турган жерлерди жана калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыздап турууга тийиш.


Буйруктун негизинде ыкчам жана ыкчам оңдоо персоналдарынын кезмет графиги түзүлүп, уюштурулушу керек.


Эгерде берилген тапшырмалар талаптагыдай аткарылбаса, 2022-жылы жаңы жылдык майрамдарга даярдануу жана аларды өткөрүү учурунда электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо жоопкерчилиги туунду коомдордун башкы директорлоруна жүктөлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн