Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жаңы 24. Пандемия башталгандан бери дарыгерлердин арасында эң көп учур катталды

19.06.2020 10:34
1036
Жаңы 24. Пандемия башталгандан бери дарыгерлердин арасында эң көп учур катталды

 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу салматтыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-июндагы брифингде билдирди.


Жаңы учурлар:


Бишкек шаарында – 7;

Чүй облусунда – 8;

Ош шаарында – 3;

Ош облусунда – 1;

Нарын облусунда – 3;

Талас облусунда – 1;

Жалал-Абад облусунда – 1.


Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылган. Муну менен илдеттен сакайган ак халатчандардын саны 381ге жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 533 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн