Кулжа 17, 2025
Убакыт: 15:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-март күнү саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген.


Белгиленгендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн