Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жалал-Абадда ооруган милиционерлер үчүн дем алдыруучу аппараттар тапшырылды (фото)

20.07.2020 16:05
1415
Жалал-Абадда ооруган милиционерлер үчүн дем алдыруучу аппараттар тапшырылды (фото)


Бүгүн, 20-июль күнү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургуну “Бай-Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Акунбеков Эрлист тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматына 2 даана жасалма дем алдыруучу медициналык аппараты тапшырылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.


«Эң негизги максат - эл менен тыгыз байланышта иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин ден соолугуна да кам көрүү. Андыктан, бизден жардам болсун деп ушул аппараттарды берип жатабыз, оорубаңыздар урматтуу орган кызматерлери», - деди өз сөзүндө Э.Акунбеков.


Ал эми Жалала-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылыч Жолдошов алгач демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, «бүгүнкү аппараттардан сырткары ИИМден да 2 аппарат келди, бул медициналык каражаттар биздин кызматка берилет. Учурда милиция кызматкерлеринин арасынан ооруга чалдыккандарга тез жана сапаттуу, өз убагында тиешелүү деңгээлде кам көрүп, жардам берүү максатында мобилдик топтор түзүлдү», - деди.


Бул топтор кызматкерлердин үйүнө чейин барып, медициналык жардам көрсөтүп, аппараттарды үй шартында да коюп берүүгө даяр экендиги белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн