Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 10:49:29
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Жалал-Абадда бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтүүдө

23.04.2025 10:49
184
Жалал-Абадда бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтүүдө


Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча дүйнөлүк олимпиаданын "Айкалышкан пирамида" оюндары өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Шайырбек Ташиев, бильярд боюнча эл аралык калыстар тобу, 20дан ашуун өлкөдөн келген 81 спортчу жана жергиликтүү тургундар катышты.


Облус башчысы Тилек Текебаев жалпы катышуучуларды куттуктап, Жалал-Абад шаары кий чеберлеринин жана бильярд сүйүүчүлөрүнүн көңүл борборунда экенин айтты.


"Бул олимпиада оюндарынын Жалал-Абад облусунда өтүүсү – аймактагы спорт тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот", – деди Тилек Текебаев.


Белгиленгендей, дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышууда. Алардын эң кичүүсү 13 жашта. Оюндардын жалпы байге фонду 5 млн сомду түзөт.


Жарым финал жана финалдык беттештер Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз футбол биримдигинин имаратында, калган оюндар шаардагы “LEGEND.KG” бильярд клубунда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн