Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:01
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жалал-Абадда 50дөй кой селге агып кетти

06.05.2020 11:32
1135
Жалал-Абадда 50дөй кой селге агып кетти


Жалал-Абад облусун Ноокен районунда 6-майга караган түнү 50дөй койду сел агызып кеткенин райондун акими Эркин Маматаев маалымат каражаттарына билдирди.


Маалыматка ылайык, Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 50дөй койду сел агызып кеткен.


Ошондой эле, беш гектардай жердеги айыл чарба эгиндери да зыянга учураган.


Мындан сырткары, селден Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл аймагында, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында үйлөр, эгин талааларын, Аксы районун Ак-Жол айылында 2 чакырым жолду суу каптаган. Учурда Сузак районунундагы селден кандай зыян келтирилгени аныкталып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн