Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жакыпбек Байымбетов кызматтан алынды

02.06.2020 22:55
1657
Жакыпбек Байымбетов кызматтан алынды


УКМКнын төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбетов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчысынын аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.


"Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. Кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу чечимди ал ден соолугуна байланыштуу кабыл алды", - деп айтылат аталган маалыматта.


Байымбетов Кыргызстандагы такшалган, мыкты чекисттердин бири. Буга чейин ал өз кызматын абийирдүүлүк менен аткарып келгени белгилүү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн