Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 17:49
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Жакында Жалал-Абадда 870тен ашык ипотекалык батир берилет

29.04.2025 11:47
27
Жакында Жалал-Абадда 870тен ашык ипотекалык батир берилет


Жакынкы аралыкта Жалал-Абад облусунда 870тен ашык батирди жарандарга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу маалымат “Мамлекеттик ипотекалык компания” (МИК) ачык акционердик коомунда Президенттин иш башкармалыгы менен өткөн жумушчу жыйында белгилүү болду.


Жыйында Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев МИКтин жетекчилигине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, кезекте турган жарандардын көптүгүн эске алуу менен МИКке кезекте тургандар менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү, арыз берүү тартиби, тизмелердин түзүлүшү жана батир бөлүштүрүү эрежелери боюнча толук маалымат берүүнү тапшырды.


Ошондой эле МИКке Tunduk тиркемеси аркылуу арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүн эң кыска мөөнөттө ишке киргизүү зарылдыгы айтылды. Каныбек Туманбаев бардык процесстер жарандар үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу керек экенин өзгөчө белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн