Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 21:54
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жакында Ош – Каракол – Ош багыты боюнча аба каттамы ачылат

27.12.2024 17:27
678
Жакында Ош – Каракол – Ош багыты боюнча аба каттамы ачылат


"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Ош – Каракол – Ош багыты боюнча аба каттамын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Эми Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочулары үчүн Каракол тоо лыжа курортуна тез жана ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"Ош – Каракол – Ош багыты боюна биринчи катам 9-январда аткарылат. Учурда жаңы каттамга билеттер сатыла баштады. Баасы 4600 сомдон башталат. Жаңы каттам өлкөнүн түштүгү менен түндүгүнун ортосундагы транспорттук байланышты гана жакшыртпастан, ички туризмди өнүктүрүүгө да чоң салым кошот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, каттам жумасына эки ирет - бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Эс алуучулар бир лыжаны же сноубордду учакта акысыз алып жүрө алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн