Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында туруктуу коррупциялык схемалар аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, ЖКККББнын жол көзөмөлү бөлүмүнүн инспекторлору жеке жана юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына жарнамалык плакаттарды чаптоого уруксат берүүчү документтерди берүү схемасын уюштурушкан (уруксат берүүчү документи унаанын кузовуна жарнама чаптоодо айып пулдан качуу үчүн зарыл).
Белгиленгендей, унаалардын ээлери уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн кайрылган учурда, арыз туура түзүлүп жана толук маалыматтар берилген учурда уруксат берилүүчү документтер акысыз негизде берилиши керек.
Бирок, жооптуу адамдар ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, уруксат берүү мөөнөтүн создуктуруп, жарандарды акча берүүгө мажбурлашкан.
Бишкек ШИИББ Ички Иликтөө бөлүмү менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө ЖКККББдагы бул коррупциялык схеманын уюштуруучусу М.А.З. аныкталып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК тарабынан жогоруда белгиленген коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн