Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

ЖК төрагасы «Парламент» радиосунун ишин жандантууну тапшырды

18.10.2022 15:49
358
ЖК төрагасы «Парламент» радиосунун ишин жандантууну тапшырды

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.


Анда ал парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүү, «Парламент» радиосунун ишин жандантуу керектигин айтты.


Жогорку Кеңеште ар бир кабыл алынган мыйзам, токтомдор жана чечимдер өлкөнүн келечегине кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Төрага мыйзам долбоорлорунун түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөөгө чакырды.


Ошондой эле документ жүгүртүүлөрдү электрондоштуруп, бюрократияны жоюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн