Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана шаар мэрин скутерлер менен мопеддердин башаламан колдонулушун көзөмөлгө алууга чакырды.
Ал шаар тургундарынан, өзгөчө айдоочулардан техниканын бул түрүнө байланыштуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын белгиледи.
Төраганын айтымында, скутерлер жана мопеддер жолдордо авариялык кырдаалдарды жаратып, башка унааларга тоскоолдук кылууда. Алар катуу ылдамдыкта айдалгандыктан түнкү убакта шаардыктардын тынчын бузуп, ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар катталып келет.
"Скутер жана мопеддерди көбүнчө жаш балдар айдап жүрөт. Аларга айдоочулук күбөлүк берилбейт, жолдогу кыймыл-аракеттери көзөмөл камераларына да түшпөйт. Башка өлкөлөрдө мындай техникаларга катуу талаптар коюлган. Ошондуктан бизде да бул маселе тез арада иретке келтирилиши зарыл", — деди Тургунбек уулу.
Төрага маселени чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн