Юстиция министрлиги тарабынан КР кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери боюнча мыйзам долбоору даярдалган.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бул мыйзам долбоору өлкөдөгү укуктук тутумдун туруктуулугун жана алдын ала болжолдоону камсыз кылуу максатында даярдалды. Азыркы учурда кодекстерге такай жана ар кандай макулдашылбаган өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзамдарды колдонууда түшүнбөстүктөрдү жаратып, жарандарга, ишкерлерге жана мамлекеттик органдарга кыйынчылыктарды туудурууда.
Ушул маселелерди чечүү үчүн кодекстерге өзгөртүүлөрдү жылына бир гана жолу киргизүү менен мыйзамдарга тутумдуу жана так мамиле кылууга шарт түзүп, чачыранды жана шашылыш өзгөртүүлөрдөн алыс болууга жардам берет, ошондой эле жаңы жоболорду алдын ала талдоо менен даярданууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле учурда, мыйзам долбоору менен өзгөчө жана ыкчам жагдайлар болгондо, президенттин чечими менен кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилет. Бул зарыл учурларда ыкчам чара көрүүнун укуктук жөнгө салуунун ийкемдүүлүгүнө шарт түзөт.
Жыйынтыктап айтканда, бул өзгөртүүлөр укуктук туруктуулукту бекемдөөгө, жарандардын мыйзамдарга болгон ишенимин арттырууга, ишкерлик чөйрөгө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүүгө багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн