Бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына 2026-жылдан тартып жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мираида Нактаева билдирди.
Анын айтымында, аталган жөлөк пул 2026-жылдан баштап оор шартта жашагандарга кирешесине карабай бала 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Андан кийин токтотулат.
"3000 сомдон деп эсептегенбиз. Финансы министрлиги менен макулдашып, көлөмү бекитилет", — деди Нактаева.
Депутат Рустамбек Советбек уулу төлөмдү 5 миң сомго чыгарууну сунуштады.
Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Равшан Сабиров 2027-жылдан тарта бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө "Бала береке" жөлөк пулу төлөнөрүн эскертти.
"Төртүнчү бала төрөлгөндө – 100 миң сом, жетинчи балага – 1 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом төлөнөт", — деди Сабиров.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга 2024-жылдын 6-декабрында кол койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн