Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 18:49
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Венгриянын ЖОЖдоруна конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу уланууда

09.01.2024 16:28
392
Венгриянын ЖОЖдоруна конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу уланууда


Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 15-январына чейин уланат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын алкагында Кыргызстандын жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилинде билим алууга гранттарды берет (бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа (бакалавриат+магистратура), магистратура жана докторантура).

Өтүнмө берүү жол-жобосу тууралуу кенен маалымат менен шилтеме аркылуу таанышууга болот, ал эми программа жөнүндө маалымат бул сайтта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн