Американын Вашингтон шаарында болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар эл аралык санкцияларды сактоо маселелерин, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.
Мындан тышкары АКШнын Кыргызстандын жарандарына карата миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелер сүйлөшүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн