Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөнүүчү компенсация көбөйтүлдү

22.04.2025 12:18
136
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөнүүчү компенсация көбөйтүлдү


Ардагерлерге жана чыр-чатактардын катышуучуларына төлөнүүчү компенсациялар көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.


Жарлыктын күчү 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргени белгиленген.


Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар төмөнкүдөй төлөнөт:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары — 10 000 сом (мурда 7000);

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары — 10 000 сом (мурда 7000);

- концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары — 10 000 сом (мурда 7000);

- За оборону Ленинграда медалы жана/же Жителю блокадного Ленинграда белгиси менен сыйланган адамдар — 10 000 сом (мурда 7000);

- башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерде жаракат алган майып аскер кызматчылары — 10 000 сом (мурда 7000);

- аскердик кызмат өтөп жатып жарадар болгон, контузия алган, майып болгон аскер кызматчылары — 10 000 сом (мурда 7000);

- башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары — 8 000 сом (6000);

- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккандар — 10 000 сом (3000);

- 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар — 3 500 сом (2500);

- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги үчүн СССР ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар — 2 000 сом;

- саясий жана/же диний ынанымы үчүн, улуттук же башка белгилери боюнча репрессияланган жана реабилитацияланган жарандар — 1 500 сом;

- 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар — 2 000 сом (1000);

- Чернобыль авариясынын натыйжасында каза болгон майыптардын жана нурлануу оорусунан көз жумгандардын үй-бүлөсү — 1 500 сом (1000);

- Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын 18 жашка чейинки балдары — 1 500 сом (1000);

- Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ооруктагы кайратман эмгеги үчүн сыйланган, бирок майыптуулугу жок адамдар — 1 000 сом;

- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү — 1 500 сом (1000);

- аскер кызматын өтөп жатып курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү — 1 500 сом (1000);

- ички иштер кызматын өтөө учурунда же кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөсү — 1 000 сом;

- Улуу Ата Мекендик согуштун курман болгон катышуучуларынын кайра турмушка чыкпаган жесирлери — 1 500 сом (1000);

- Кыргыз Республикасынын ардактуу донору төш белгиси менен сыйланган адамдар — 1 000 сом;

- көрүүсү же угуусу боюнча майыптар — 1 000 сом;

- 1993-1999-жылдары тажик–афган участогунда КМШ чек араларын кайтаруу боюнча милдеттерди аткарган аскер кызматчылары — 1 000 сом.


Ошондой эле бул төлөмдөрдү жөнгө салган президенттин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн