Улуттук энергохолдингдин жана анын туунду коомдорунун кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавирус илдети менен күрөшүүгө которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, дарттын өлкө аймагына таралуусун алдын алуу максатында, коронавирус илдети менен күрөшүүнүн эсебине Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери баш аягы 7 млн 383 миң сом которгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн