Кулжа 12, 2025
Убакыт: 22:06
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

11.06.2025 14:01
50
Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Мыйзамдын максаты төмөнкүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында укук бузууларды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болуп саналат:


-     билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары;


-      билим берүү чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;


-      билим берүү уюмдары;


-     окуп жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү).


Ошентип, мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликти бекиткен ченемдер менен толуктоо каралган:


-         билим алуу укугун жана билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин бузуу же мыйзамсыз чектөө;


-            мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу;


-     мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү.


Ошондой элем мыйзам менен ички иштер органдарына бул укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берген УБКнын 456-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн