Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:52
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Үч энергокомпаниянын акциясы Улуттук энергохолдингге өттү

21.10.2022 12:49
518
Үч энергокомпаниянын акциясы Улуттук энергохолдингге өттү

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын бөрагасы Талайбек Байгазиев "Нарынгидроэнергострой", "Нарынспецгидроэнергомонтаж", "Найман ГЭС" ачык акционердик коомдорунун жетекчилери менен жолугушту.


Башкармалыктан билдиргендей, аталган компаниялардын акцияларынын бир бөлүгү КР министрлер кабинетинин чечими менен Улуттук энергохолдингке өткөрүлүп берилген. Аталган энергетика компанияларынын активдери мурда Мамлекеттик мүлк фондуна таандык болгон.


Жолугушуунун жүрүшүндө өнөр жай курулуштарын куруу, өндүрүштү стимулдаштыруу, энергетикалык компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери жана 2023-2024 – жылдарга карата иш-чаралар планы талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар маселелер каралып, акционердик коомдорду өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн