Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 07:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Үч айдын ичинде Кыргызстанга 50 миңден ашуун жеңил унаа алып келинген

20.05.2024 11:41
729
Үч айдын ичинде Кыргызстанга 50 миңден ашуун жеңил унаа алып келинген


Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстанга 50 миң 403 жеңил унаа алып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.


Автоунаалар дээрлик 50 өлкөдөн алып келинген.


Импорт боюнча лидерлер (1000ден ашык унаа):

- Кытай — 32 125;

- Түштүк Корея – 8 065;

- АКШ — 2 505;

- Германия – 1 822;

- Япония – 1 724.


Өткөн жылдын биринчи кварталында өлкөгө 19 миң 835 унаа алып келинген.


Улуттук статистика комитетинин автоунааларды импорттоо боюнча маалыматы (2018-жылдагы маалымат):

- 2018 — 3 835;

- 2019 — 18 527;

- 2020 — 25 629;

- 2021— 13 116;

- 2022 — 41 237;

- 2023 — 184 789.


Ошентип былтыркы учур рекорддук жыл болуп калды. 2024-жылда январдан мартка чейин Кыргызстанга мурдагы беш жылга караганда көп импорттолгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн