Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

УКМКнын сайтын бузууга аракет кылган жаран кармалды

17.02.2021 16:59
662
УКМКнын сайтын бузууга аракет кылган жаран кармалды

УКМКнын ведомстволук сайтын зыяндуу программалык камсыздоону колдонуу менен мыйзамсыз бузуу аракети аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-февралда билдирди.


Бул факт Бирдиктүү реестрге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Компьютердик маалыматты мыйзамсыз алуу") жана 305-беренеси ("Зыяндуу компьютердик программаларды түзүү") боюнча катталган.


Атайын кызмат 1974-жылы туулган жаран К.Б.Тнын техникалык шаймандарынан анын мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экендиги далилденгенин аныктады.


"Бул кылмыш, жогорудагы беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө (180-300 миң сом) айыппул же 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жазаны карайт", - деп белгилейт УКМК .

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн